Өлкөдө акыркы 2 жылда контролдук-кассалык аппараттарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында мекеменин ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берип жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башына карата 65 миң 422 ККМди түздү. ККМди колдонгон субъекттердин мындай көбөйүшү салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуунун натыйжасы болду.
ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы да өзүнүн оң салымын кошту. Утуштун жүрүшүндө жарандар товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууда кассалык чектерди талап кыла башташкан.
"6 ай ичинде республика боюнча ККМ аркылуу 440 миллиард сомго кассалык чектер басылып чыккан. Демек, кирешелерди жашыруу мүмкүн болбой, бюджетке төлөнө турган салыктар келип түшүүдө", - деди Алтынбек Абдувапов.
Мындан тышкары ал учурда Салык кызматы ишкердик субъекттеринин ККМди колдонуусун контролдоону жакшыртууга мүмкүндүк берген кассалык аппараттарды башкаруунун жаңы системасын колдонуп жаткандыгын маалымдады.