Баткенде аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган тажик жараны кармалды

Баткенде аткезчилик жолу менен дары-дармек ташыган коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Лейлек РИИБдин кызматкерлери алдын ала ыкчам маалыматтардын негизинде дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаранды аныктап кармашты.
Ага ылайык, Тажикстандын жараны 51 жаштагы Х.А. менен Лейлек районунун тургуну 37 жаштагы Э.М. өз ара акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок мыйзамсыз дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга киргизишкен. Коңшу мамлекеттин жараны 51 жаштагы Х.А. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Э.М. аттуунун автоунаасына түн ичинде жүктөп жаткан жеринен кармалган.
"Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда аныкталган фактылар боюнча топтолгон материал караштуулугу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Кж кж
2023-07-21 07:34:00
Экоон тен атып салгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан