Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызыкчылык туудурган түрдүү тармактардагы кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.