"Тазалыктын" директору Рамиз Алиев анын иштен кетишин талап кылгандарга жооп кайтарды (видео)

Бишкектеги "Тазалык" ишканасынын директору Рамиз Алиев анын кызматтан кетишин талап кылып, президентке арыз жолдогон ишкананын эмгек жамаатына жооп кайтарды.

Эске салсак, кечээ, 20-июлда "Тазалык" ишканасынын эмгек жамааты директор Рамиз Алиевдин кызматтан кетишин талап кылып, президент Садыр Жапаровго жана Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго арыз менен кайрылышканы белгилүү болгон. Нааразычылыкка Рамиз Алиевдин өз билемдикке салып 10-15 жылдык тажрыйбасы бар кызматкерлерди жумуштан кетиргени, өзү мурда иштеп кеткен "Кыргыз Темир Жолу" ишканасынан кызматкерлерди ала келип, маанилүү орундарга дайындаганы, жетекчилер арасында туура эмес ротация кылып жатканы жана социалдык тармактар аркылуу өзүн ашыкча "пиар" кылып жатканы себеп болгону айтылган. Мындан тышкары Алиев кызматкерлерге атайын чиптерди тагуу менен алардын кыймыл-аракетин көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын белгилешип, "ар бирибизге чип таккыдай биз эмне ит белек?" деген нааразылыктарын билдиришкен.

"Тазалыктын" эмгек жамаатынын арызы

Бүгүн, 21-июлда Рамиз Алиев фейсбук аркылуу видео кайрылуу жасап, эмгек жамааттын даттанууларын негизсиз деп сындады. Ошондой эле ар бир кадам "Тазалыктын" өнүгүүсү үчүн жасалып жатканын билдирген.

"Бул жакта Алиев 30дан ашык кишиге сөгүш жарыялаган деп жазылып турат. Ооба, андай факты болгон. Бул абоненттик бөлүм болчу. Ал жакта 85 киши иштейт. Алардын ар бири шаардагы чарбалык субъектилер менен, эл менен келишимдерди түзүшөт. Бирок текшерсек, алардын айрымдары күнүнө, жадакалса бир дагы субъект менен келишим түзчү эмес экен. Бул туура эмес да.

Анан мен ротация кылдым. Ар бир инспектордун иштеген аймактарын алмаштырдым. Анткени бир эле жерде 5-10 жылдан бери иштеп келе жаткандар бар экен. Мисалы, Чүй проспектисинде эле бир инспектор 10 жылдан бери иштеп жатса, ар кандай коррупциялык схемаларга кирип кетиши мүмкүн да. Ротация кылгандын эртеси күнү эле ызы-чуу чыкты. Ротация кылганга болбойт, биз 10 жылдан бери иштеп жатабыз дешти. Мен айттым. Ооба, иштеп жатасың. Бирок бул жер атаңдын жериби? Силер деген ротация программасын түшүнгүлө дедим. Сөгүш бербеш керек дейт. Мен 10 жылдан бери иштеп келе жатам дейт. 10 жылдык стажы бар кишиге тийбеш керек деп кайсы мыйзамда жазылып турат? Биз муну ишке ашыргандан кийин жумуш кадимкидей алдыга жылды. 22 миң киши, 911 миң чарба "Тазалыктын" базасына кошулду. Бул деген ишкана 20 миллион сом кошумча киреше табат деген сөз. Буга чейин 15 жылдан бери таштанды чыгаруу үчүн эл төлөгөн каражат 540 миң сом эле болуп келген", - деди Рамиз Алиев.

Ал ошондой эле "Кыргыз Темир Жолу" ишканасынан өзү менен кошо 20 киши алып келген дегенге да жооп берип, ар бир жетекчинин өзүнүн командасы болуш керектигин айткан.

"20 киши деп көп айтып коюшуптур. 6 адамды алып келгем. Юридикалык бөлүмгө алып келгем. Кадрлар менен иштеген бөлүмгө алып келгем. Бул жакшы эле нерсе да. Мен бул жактан башка мекемеге кете турган болсом "Тазалыкта" иштеген мыктыларды да алып кетем өзүм менен бирге. Бул жакта да кыйындар бар. Ар бир жетекчи өзүнүн командасы менен барыш керек".

Эмгек жамааттын арызында Рамиз Алиев өзүн ашыкча пиар кылып жатат деген нааразылык да айтылган. Алиев бул нерсе атайын программада жазылганын, социалдык тармак аркылуу элди тазалыкка чакырып жатканын белгиледи.

"Ачык айтсам пиарды жакшы көрөм. Бул биздин атайын бекитилген программабызда жазылган. Биз интернет аркылуу элдин аң-сезимин ойготуп, тазалыкка чакырып жатабыз. Тилекке каршы, муну да жаман көрүп жатышат".

Мындан тышкары, кызматкерлер нааразы болуп жаткан чиптер алардын жумушка канчада келип-кеткенин көзөмөлдөп туруш үчүн жасалып жаткан кадам экенин билдирген.

"Баарыңар билесиңер, күнүгө шаардын аймагын 750гө жакын көчө шыпыргыч кызматкерлер тазалайт. Бирок мен жетекчи катары айта алам. Алардын баары жумушка чыкпайт. Айрымдар бир жолу айланып, шыпырып коюп үйгө кирип кетет. Кээ бирлери 7 саат эмес, 3 эле саат иштеп кетип калат. Мага бир күнү чет жакта окуган кыргыз балдар сунуш менен кайрылды. Мен аларга көчө шыпыргыч кызматкерлерди көзөмөлгө ала албай жатканымды айттым. Анан алардын ар бирине атайын браслеттерди кийгизели деп чечтик. Ошондо алардын жумушка канчада келип, канчада кеткени экранда көрүнүп турмак. Бул жакшы идея да. Ушул боюнча тапшырма берейин десем үстүмдөн 3 арыз келип түштү. Алиев бизди кул кылып жатат деп жазышыптыр. Мен силерге жамандык каалабайм. Болгону бекерчилерди жоготолу деп гана айтып жатам".

Рамиз Алиев ошондой эле, "Тазалык" ишканасынын айрым жетекчилери 3-4 "жалган" көчө шыпыргычты кызматкерлер арасына жаздырып коюп, алардын айлыгын өздөрү алып жүрүшкөнүн билдирген. Бул факты аныкталып, 11 кызматкер жумуштан айдалганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Рамиз Алиев "Тазалык" муниципалдык ишканасына 2023-жылдын январь айынын башында директор болуп дайындалган.

Рамиз Алиев ага карата жазылган арыз тууралуу билдирүү жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан