Бүгүн, 21-июлда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 7 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 19-июлда Чүй облусунун Москва районундагы Чоң Чүй каналында катталган. Анда 2016-жылы туулган К.А. аттуу бала каналга түшүп кеткен.
Кечээ, 20-июль күнү издөө иштерин улантуу максатында жалпы 9 куткаруучу, ИИМден 45 кызматкер, туугандарынан 9 киши тартылган. Бирок кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Министрлик бүгүн дагы издөө иштери улантыларын билдирген.