Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровго чыккан чечим өзгөртүүсүз калтырылды

Улан Жапаровго карата чыккан өкүм өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 21-июлда Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык сот кечээ Улан Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды карап, буга чейин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди өзгөртүүсүз калтырды. Биринчи Май райондук соту 3-июлда Улан Жапаровду 26-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган эле.

Белгилей кетсек, Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча шектелип, Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан