"Ар бирине 9 миң доллар". Индонезияда 122 адамдын бөйрөгүн сатмакчы болгон кылмыштуу топ кармалды

Индонезияда адам органдарын саткан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу The Star басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, кылмыштуу топтун курамында полиция жана миграция кызматынын өкүлдөрү болгон. Алар Камбоджага бөйрөгүн сатуу максатында 122 адамды алып бара жаткан жеринен кармалган. Ал эми бөйрөгүн сатууга макул болгондор мындай аракетке акчага муктаж болгондуктан барышканын билдирген. Басылманын маалыматына караганда, бөйрөгүн саткан ар бир адамга 9 миң доллар өлчөмүндө акча каражаты берилмек.

Ошондой эле Жакарта шаарынын тергөөчүсү Хенгки Харьяди кылмыштуу топ адамдарды Индинозиянын бардык аймагынан социалдык тармактар аркылуу тапканы аныкталганын билдирген.

Маалыматта шектүүлөр кармалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган. Эгер алардын күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин абакка кесилип, 40 миң долларга чейин айып пул төлөшү мүмкүн экени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан