Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-июлда Кыргызстандын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.