Сокулукта кышка камдалган 3000 түк чөп күйүп кетти

Сокулук районунун Асылбаш айылында кышка камдалган 3000 түк тоют чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Асылбаш айылындагы Иманкулов көчөсүндө жайгашкан бастырмада жыйылган чөп күйүп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине Сокулук райондук №24 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир күжүрмөн топ тартылган. Өрт өчүрүүчүлөр 13:40та жерине жеткен. Ал эми өрт 14:00дө чектөөгө алынып, 21:13тө толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен 120 чарчы метр бастырма, кышка камдалган 3000 түк тоют күйүп кеткени айтылды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы кабарланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан