Ысык-Көлдө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигит куткарылды

Кечээ, 20-июлда Ысык-Көлдө чөгүп бара жаткан 18 жаштагы жигит куткарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, окуя "Алтын -Кум" эс алуу жайында катталган. Анда 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну сууга чөгүп кете жаздаган.
"Жабырлануучу Ысык-Көл облусундагы коомдук коопсуздук камсыздоо кызматы учурунда полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун бөлүмчө командири милициянын прапорщиги Акылтай уулу Адилет жана 2-батальондун кызматкери милициянын старшинасы Дуулат Азатов тарабынан куткарылган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан