Бишкектеги "Дордой" базарында бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, андагы эл эвакуацияланууда. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык бүгүн, 21-июлда Бишкек ШИИББинин 102 кызматына "Дордой" соода борборундагы "Алкан" базарында бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Свердлов РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, базардын айланасын курчоого алган. Ал эми базардын кызматкерлери толугу менен эвакуацияланган.
Учурда аталган аймакта Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кинологдор менен бирге иш алып барып жатканы айтылды.