Ысык-Көл эң арзан эс алуу жайларынын алдыңкы бештигине кирди

Орусиянын "Туроператорлор ассоциациясы" жарыялаган рейтингде Ысык-Көл эң арзан эс алуучу жайлардын алдыңкы бештигине кирди.

Мекеме 25-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта эс алууга ыңгайлуу эң арзан пляждык аймактардын рейтингин түзүп чыккан. Тизмеде Ысык-Көл 4-катардан орун алган жана эс алуунун баасы 10 күнгө 2 киши үчүн 99 миң рубль (ред: кыргыз акчасы менен 96 миң сом) деп көрсөтүлгөн. Бул эсеп июнь айына караганда 10 пайызга арзан экендиги айтылган.

Маалыматта июль айынын аягында Кара-Деңиз жээктериндеги пляждар, Түркия жана Египеттин деңиз жээктери арзандаганын, ошондой эле КМШнын бир өлкөсү (ред: Кыргызстан) күтүүсүздөн ТОП 5 ке киргени белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан