Индияда жер көчкүдөн 16 адам каза болуп, 100дөн ашууну урандылардын астында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мумбай шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Махараштра штатындагы алыскы айылдардын биринде жер көчкү 20-июлга караган түнү болгон. Бир нече турак-жайды таш аралашкан топурак басып калды. Куткаруучулар бейшембиде 16 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Айылда жашаган 225 кишинин 100дөйү жер көчкүнүн алдында калган. Куткаруу иштерине калың туман жана нөшөрлөгөн жаан тоскоолдук жаратууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул аптада Индияда тынбай жааган нөшөрдөн Ямун дарыясындагы суунун деңгээли 45 жылдан бери биринчи жолу Таж-Махалдын дубалдарына чейин жетип, бир нече тарыхый эстеликти алып кетти.