Гүлжигит Алыкулов менен Бекназ Алмазбеков "Алга" клубунун катарында достук беттешине гана катышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда клуб расмий баракчасы аркылуу билдирди.
Кечээ, 20-июлда "Алга" жана "Илбирс" клубдары достук беттеш өткөргөн. Көп өтпөй "Алганын" социалдык тармактагы баракчасына оюн учурундагы сүрөттөр жарыяланып, Гүлжигит Алыкулов менен Бекназ Алмазбековдун да клубдун катарында ойноп жаткан сүрөттөрү бөлүшүлгөн. Күйөрмандар арасында талкуу жүрүп, чет өлкөлүк клубдарда оюн көрсөткөн эки футболчу "Алгага" кошулабы деген суроолор берилген.
Бүгүн "Алга" клубу расмий билдирүү таратып, Гүлжигит Алыкулов менен Бекназ Алмазбеков формасын чыңдоо максатында гана бир оюнга катышканын, алар команданын катарында жок экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" клубунда ойноп келген. Бирок ушул жылдын май айында аталган клуб менен келишимин токтоткон. Ал эми 18 жаштагы Бекназ Алмазбеков түркиялык "Галатасарай" клубунун оюнчусу. Эки футболчу тең Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү.