Чикагодо Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсү болуп өттү (фото)

Чикагонун борборунда Кыргызстандын биринчи маданий жана соода көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара 18-июлда болуп, анда “Кыргызстанда жасалган” эксклюзивдүү продукциялар коюлган.

"Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси жана мекендештерибизге тиешелүү болгон 5 компания менен биргелешкен ийгиликтүү ишинин жыйынтыгы өттү. Анда Чикаго шаарындагы 80ден ашык чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн арасындагы «Маданий көргөзмөлөр» сынагында Кыргызстан 4 жеңүүчүнүн бири болгон", - деп жазылат маалыматта.

Долбоордун алкагында 4 ай бою Чикагонун туристтер эң көп келген жерден Кыргызстандын маданий жана соода көргөзмөсүн өткөрүү үчүн имарат бөлүндү.

Ал эми Кыргызстандын көргөзмөсүнүн расмий ачылышында мекендештер улуттук жана заманбап бийлерди, элдик күүнү, «Манас» эпосунун уламышын жана улуттук кийимдердин дефилесин тартуулашты.

Ошондой эле иш-чарада меймандар Кыргызстандан алынып келинген боз үйгө жана виртуалдык түрдө Кыргызстандын кооз жерлери менен таанышууга мүмкүндүк берген VR көз айнектерине кызыгышкан.

"Бул долбоор кыргыз продукциясын АКШга экспорттоону, Кыргызстандын таанылышын, туристтик потенциалын жана маданиятын даңазалоого мүмкүнчүлүк берет", - деп айтылды маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын маданий жана соода көргөзмөсүн күн сайын The Wrigley Building 400 N Michigan Ave, Chicago, IL 60611, US дарегинде саат 11.00дөн 19.00гө чейин көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан