Йоханнесбургдагы жарылуудан 40тан ашык адам жаракат алды (видео)

Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында болгон жарылуудан 40тан ашык адамдын жаракат алганы айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, шаршемби күнү кечкисин болгон жарылууга жердин алдынан өткөн газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Кырсыктын кесепетинен асфальт жолдун бир бөлүгү кыйраган. Жарылуудан 1 адам каза болуп, 40тан ашык адам жаракат алган. Ошондой эле бир нече автоунаалар жабыркаган.

Буга чейин кырсыктан жабыр тарткандар боюнча так маалымат айтыла элек болчу. Ал эми Гаутенг провинциясынын премьер-министри Андрек Лесуфи тургундардын арасында баш оору жана дем кысылуу менен жабыркап, ооруканага кайрылгандар катталып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, 19-июлда Түштүк Африка Республикасында жер алдынан катуу жарылуу болуп, асфальттанган жолдун зыянга учураган видеосу интернетте тараган.

Йоханнесбургдагы жарылуудан 40тан ашык адам жаракат алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан