Бүгүн, 21-июлга карата Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катыша турган талапкерлердин саны сегизге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, БШКга арыз менен төмөнкү талапкерлер кайрылды:
1) Эртай Искаков;
2) Алмаз Аскар уулу;
3) Эркин Булекбаев;
4) Роман Ремнёв;
5) Турсунбай Бакир уулу;
6) Куттубек Асылбеков;
7) Назарбек Нышанов;
8) Сулайман Мамаев.
Белгилей кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга дайындалган.