Атактуу ырчы Шакира 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Колумбиялык ырчы Шакира 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Испания соту колумбиялык дүйнөлүк жылдыз Шакирага карата 2018-жылы кирешесинин жана байлыгынын так суммасын жашырып, салык төлөөдөн баш тарткан деген негизде тергөө ишин баштаган. Эгер Шакиранын күнөөсү далилденсе, анда ал 8 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Ал эми Испаниянын Каталония аймагындагы Эсплугес де Лобрегат шаарынын соту тергөө тууралуу кошумча маалымат берген эмес.

Ошондой эле 46 жаштагы ырчы айымдын 2012-2014-жылдар аралыгындагы 14,5 миллион евро салык карызы боюнча дагы соттук иши жылдын аягына чейин каралышы мүмкүн экени айтылууда.

Белгилей кетсек, Шакира Изабель Мебарак Риполь колумбиялык ырчы, бир нече ырлардын автору, бийчи, продюсер жана модель катары белгилүү. Көпчүлүгү аны өзүнөн 10 жаш кичүү испаниялык футболчу Жерар Пике менен болгон сүйүү мамилесинен улам тааныйт. 11 жыл чогуу жашаган түгөйлөрдүн Милан жана Саша аттуу эки уулу бар. Былтыр Пикенин башка кыз менен болгон мамилеси белгилүү болгондон кийин атактуулар эки жолго түшүшкөн. Окуядан көп өтпөй ырчы айым Испаниядан Майамиге көчүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан