"Чүйдөгү чоң кетмен, Дунай жээгиндеги бут кийимдер...". Дүйнөдөгү өзгөчөлүгү менен таң калтырган эстеликтер (тизме)

Скульптура өнөрү искусствонун өзгөчө багыттарынын бири. Бул өнөрдү аркалагандардын укмуштуудай эмгектери бүгүнкү күндө дүйнөнүн булуң-бурчунан орун алып, миңдеген туристтердин көңүлүн буруп келет. Искусство бул чыныгы жашоодогу нерсенин дал өзүндөй жасалган чоң формасы гана эмес, ал ошол эле учурда өзүнө чоң маанини камтыган, адамдарды ойлонууга, сабак алууга түрткөн өзгөчө чыгарма. Бул жолу дүйнөдөгү адаттан тыш 5 скульптуралык эмгек тууралуу айтып беребиз.

1. Бюрократиялык Фемида. Копенгаген (Дания)

Даниянын борбору Копенгагенде өтө кызыктуу жана күлкүлүү айкел жайгашкан. Бул байыркы грек мифологиясындагы адилеттүүлүктүн кудайы деп эсептелген Фемиданын семиз образы. Ал бюрократия тамыр жайган өлкөдө жашайт жана иштин баарын сол чөнтөк менен жайгарып, семирип кеткен. Айкелдин автору Йенс Галшиоттун айтымында "семиз" Фемида өнөр-жайы өнүккөн бай мамлекеттин символу. Ал кабыргасы саналган африкалык арык кишинин мойнунда минип турат. Арык киши болсо жакыр мамлекеттердин символу. Айкелдин башкы идеясы "Байлар дайыма кедейдин жонуна минип байыйт" дегенди билдирет.

2. Дунай жээгиндеги бут кийимдер. Будапешт (Венгрия)

Венгриядагы бул адаттан тыш скульптура Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Будапештте өлтүрүлгөн еврейлердин элесине арналып жасалган. 1944-1945-жылдары Будапешттеги улутчул партиянын мүчөлөрү еврейлерди массалык түрдө жок кылууну уюштурушкан. Алар кыргындан кийин сөөктөрдү көмүү убарачылыгынан качып, миңдеген еврейлерди Дунайдын жээгине ташып келишкен. Андан соң колдорун бири-бирине байлап, четинен атып өлтүрүшкөн. Улутчулдар окту үнөмдөш үчүн ушундай кылганы айтылат. Себеби жээкте тизилип турган адамдардын бир канчасын өлтүрсө эле, ал сууга кулап, калгандарын да тартып кетип турган. Эң кызыгы кыргындын алдында еврейлерге бут кийимдерин чечип коюу буйрулган. Жээкте калган бут кийимдердин бардыгын улутчулдар чогултуп кетишкен. Аталган кандуу окуяда канча адам курман болгону тууралуу так маалымат жок. Болжолдуу маалыматтарда миңден ашык адамдын өлгөнү айтылып келет. 2005-жылы аталган жайга режиссёр Кен Тогайдын сунушу менен 60 жуп бут кийимдин үлгүсү жасалып коюлган.

3. Оозу түйүлгөн тапанча. Нью-Йорк (АКШ)

1988-жылы Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасынын жанында оозу түйүлгөн Colt Python үлгүсүндөгү револьвердин скульптурасы орнотулган. Скульптура расмий түрдө "Зордук-зомбулукка жол жок" деп аталат. Аны Зордук-зомбулукка каршы күрөшкөн Эл аралык швециялык уюм демилгелеп чыккан. Аталган уюмдун ошол учурдагы жетекчиси Майкл Нобель белгилүү Нобель сыйлыгынын негиздөөчүсү Альфред Нобелдин үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү болгон. Скульптура бүткүл дүйнөдө болуп жаткан адам өлтүрүүлөргө жана зордук-зомбулукка каршылык көрсөтүүнү максат кылат.

4. Саякатчы. Марсель (Франция)

Франциянын Марсель шаарында жогорудагыдай колуна баштыгын көтөргөн саякатчылардын айкелдерин көп кездештирүүгө болот. Бул айкелдер Бруно Каталано аттуу скульпторго таандык. Алардын эң негизги өзгөчөлүгү саякатчылардын денесинин белгилүү бир бөлүгү жок болуп жасалгандыгында. Бул эс алуучуларга өзгөчө бир иллюзия тартуулайт. Айкелди көргөн адамдар анын бош жерин өздөрү элестетип, толтуруп алуу аракетин жасашат. Бирок аталган эмгектерде адамды ойго салган чоң маани камтылган. "Биз, адамдар, жашоо деген чоң саякатта күндөн-күнгө өзүбүздүн бир бөлүгүбүздү жоготуп жатабыз!"

5. Кетмен. Кемин (Кыргызстан)

Уникалдуу скульптуралык эмгектерден Кыргызстан да четте эмес. 2016-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Калмак-Ашуу жана Тар-Сай айылдарынын ортосуна чоң көлөмдөгү кетмендин макети орнотулган. Албетте бул эмгектин да өзүнүн чоң мааниси бар. Кыргыздар эзелтен "Эр эмгегин жер жебейт" дешип, өз ырысыкысын жерден чыгарып алыш үчүн кетмен-күрөк колдон түшпөй, кара тер төгүп эмгектенип келишкен эмеспи. Чет жактан келген туристтер алыстан эле айдоодо жаткан алп кетменди көрүп, бул элдин эмгекчилдигине таң берип өтөрү анык.

Аталган долбоордун автору Станбек Тойчубаев туристтердин көңүлүн Кыргызстанга буруш үчүн ушул сыяктуу өзгөчө эстеликтер керек болуп келгенин билдирген.

"Мен өзүм да сүрөтчүмүн. Жакында эле шымкенттик скульпторлор менен таанышып калдым. Алар мага өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүштү. Арасынан мага кетмендин долбоору өзгөчө жакын жана кызыктуу көрүндү. Себеби баарыбыз бала кезде айылда кетмен кармап чоңойгонбуз", - деп билдирген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан