Бүгүн, 21-июлда Казакстандын Алматы шаарын чаңдуу бороон каптады. Учурда окуянын сүрөтү менен видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.
Казакстандын жергиликтүү басылмаларынын маалыматына караганда, бүгүн Алматыда саат 15:00дө чаңдуу бороон болуп, шаардын бир нече аймагын каптаган. Бороондун натыйжасында чаң менен кум асманга сапырылган.
Буга чейин Казгидромет 20-июлда саат 21:00дөн 21-июль саат 21:00гө чейин Алматы облусунда жана Алматы шаарында катуу шамал катталышы мүмкүн экени тууралуу билдирүү тараткан.