Бишкектеги мейманканалардын бирине уурулукка кирген эки жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июлда түнкү саат 04:18 чамасында калаадагы мейманканалардын биринде дүрбөлөң баскычы басылып, айтылган дарекке Бишкек шаарынын Ленин райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери барышты.
"Күзөтчү мейманканага караштуу дүкөндүн эшигин темир лом менен бузуп кирүүгө аракеттенгендерди видеобайкоо аркылуу көрүп, дүрбөлөң баскычын басты. Жерине барган ыкчам топ окуяга шектелүү делгендерди кармаган. Алар 25 жана 17 жаштагы жигиттер болушту", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган шектүүлөр Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.