Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын 60 жаштагы тургуну кутурма оорусуна чалдыгып көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнөн билдиришти..
Маалым болгондой, бейтап 20-июлдан 21-июлга караган түнү саат 02:40 чамаларында каза болгон.
"Каза болгон адамдын колун жайлоодо ит тиштеп алган. Ал ошол боюнча мединица кызматкерлерине кайрылган эмес. 18-июлда дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип, башы ооруп ооруканага кайрылат. Кайрылган күнү эле кутурманын белгилери байкалат. Алдын ала диагноз коюшкан. Кутурманын так дарылоо жолдору жокко эсе. Дарыгерлер колунан келген жардамын беришти", - деп айтылат маалыматта.