Кыргызстанда 2023-жылдын башынан тарта 21-июлга чейинки аралыкта 69 адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиргендей, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 пайызга өскөн.
"Көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун арасында эркек, аял, өспүрүмдөр, ал тургай наристелер да бар. Бул сан эс алуу учурунда ар бир адам суу коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарын көзөмөлдөөгө чакырык таштайт", - деп айтылат маалыматта.