Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 18 өспүрүмдүн ата-энелерине айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:00дөн кийин көчө текшерүүсүнүн жыйынтыгында милиция кызматкерлери 55 өспүрүмдү аныкташкан. Алардын 18и интернет клубдарда болушкан, ата-энелерине айып пул салынган.
Кылмыш кодексине ылайык, административдик айып 1000 сом.