Казакстанда кыргызстандык келин балдарынын көзүнчө асынып алды

Казакстанда кыргызстандык үч баланын энеси балдарынын көзүнчө асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Tengrinews.kz билдирди.

Окуя Алматынын Мамыр конушунда кечээ, 20-июлда кечинде болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган. Бул учурда үйдө жакында эле бир жашка чыккан кичүү кызы менен ортончу кызы болгон. Улуусу чоң атасыныкында болгон.

Маркум Кыргызстандын жараны жана 29 жашта экени белгилүү болгон. Кошуналарынын айтымында, күйөөсү аялынан 15 жаш улуу. Балдарга көңүл бурбай, аялына кол көтөрчү дешет. Милиция «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча иш козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан