Нарында сел жүрүп, Куланак айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалым болгондой, кечээ, 21-июлда саат 19:30 чамаларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нарын районунун Учкун айыл аймагынын Куланак айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдү коктулардан түшкөн кыян суулары каптап жатат деген билдирүү түшкөн. Анын негизинде Нарын шаары жана Нарын району боюнча ӨКБнын 8 куткаруучусу 1 мотопомпа менен чыгып, жардам беришти.
Ага ылайык, Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан түшкөн кыян суулары сел каналынан ашып, жалпы 16 кожолуктун короолорун сел суулары, анын ичинен 2 үйдүн ичин суу каптаган.
Ыкчам топ, жергиликтүү тургундарды уюштуруу менен үйлөрдүн ичине кирген сел сууларын мотопомпанын жардамы менен сордуруп, сел калдыктарын кол менен ташуу жумуштарын жүргүзүштү.
"22-июлда Нарын райондук ЖК комиссиясы менен биргеликте ӨКБнын өкүлдөрү Куланак айылынын тургундарына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Тазалоо иштерин аткарууга 28 адам тартылды. Алардын 8и куткаруучулар", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бүгүн жерине түшүндүрү иш чараларын жүргүзүү максатында ӨКМнын Нарын райондук ӨК бөлүмүнөн 1 офицер, Мониторинг жана божомолдоо департаментинен 1 адис, Нарын РМАнын башчысы-аким барышты.