Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалым болгондой, бүгүн, 22-июлда болжол менен саат 06:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкын капчыгайында унаа ташыган тралдын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу уктап кеткендиги айтылууда, жана жол кырсыгынын натыйжасында көз жумгандар бар экендиги айтылууда.
Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынан эки адам көз жумган.