Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам УКМК төрагасынын уулу менен таанышмын деп коркуткан (видео)

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Актилек-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 22-июлда болжол менен саат 02:30дар чамасында "Актилек-автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу "Тойота Лэнд Крузер" үлгүсүндөгү унаа чек ара сызыгына баш ийбей, каршы тилкеде өткөрүү пунктунун аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө "Тойота Лэнд Крузер" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Кыргызстандын жараны С.А.Э. токтотулган.

Ага ылайык, кармоо учурунда С.А.Э. аттуу жаран жоопкерчиликтен качуу максатында,аскер кызматкерлерин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин таанышы болом деп коркуткан.

"УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында С.А.Э. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин "КР Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми кармалган жаран УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2023-07-23 10:02:00
Филла маймыл
+1
Nurik-1980
2023-07-23 19:35:00
Аа чычкак ахыбалың ушул экенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан