Польшада кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Гливице шаарындагы (Польша) консулу Януш Кшивошинскийдин коштоосунда кадрларды тандоо жана жеке консультация боюнча адистешкен польшалык «Eurokadra Group» компаниясынын жетекчиси Вислав Яминскини кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандан Польшага кадрларды даярдоо жана тартуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле алар Ямински "Eurokadra Group" уюму менен тааныштырып, анын тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып берди. Ал Кыргызстандан 18 жаштан 40 жашка чейинки жана айрыкча эркектерди тартууга болгон суроо-талап күч экенине токтолду.

Мындан тышкары элчи Өмүрбек Текебаев Польша тарап менен Кыргызстандын жарандарын Польшада уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча системалуу кызматташууну түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Жолугушуунун соңунда Польшада кыргызстандык жумушчуларды ишке орноштуруу маселесин алдыга жылдыруу максатында жакын арада Вислав Ямински менен Януш Кшивошинскийдин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана кызыкдар мамлекеттик органдар, ата мекендик компаниялар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik-1980
2023-07-23 19:30:00
Эми кыргыздарды Польшага жөнөтөйүн дейсиңерби мигрант кылып.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан