Казакстан "денге" вирусунан улам чет элдик авиакаттамдарга көзөмөлдү күчөттү

Казакстан чет элдик каттамдарга Египетте аныкталган белгисиз оорудан улам көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги оорунун белгилери "денге" ысытмасына окшош экенин билдирди. Бул жогорку температура, кусуу жана баш айлануу. Мындан улам аэропорттордо учуп келген жүргүнчүлөрдүн температурасы өлчөнүп, учактардын салондорунда каттамдардын ортосунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин 2 казакстандык "денге" оорусу менен ооруп калган. Алар Алматынын жана Павлодардын тургуну. Аталганжугуштуу ооруну алар Таиландда жуктуруп алышкан. Бул оорунун алып жүрүүчүлөрү чиркейлер. Дарыгерлер чет өлкөдө жүргөндө жабык кийим кийүүнү жана курт-кумурскадан коргоочу каражаттарды колдонууну сунушташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан