CAFA Futsal Cup. Кыргызстандын курама командасы Ооганстанга утулуп калды

Футзал боюнча CAFA Cup бүгүн, 23-июлда старт алды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу социалдык тармагында билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасы биринчи оюнда Ооганстандын командасына 4:5 эсебинде утулуп калды.

Эртең, 24-июлда Кыргыз оюнчулары ирандыктар менен беттешет.

Белгилей кетсек, Дүйшөмбү шаарында футзал боюнча CAFA Cup турнири Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ирандын командаларынын катышуусунда өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан