Чыңгыз Айтматовдун 85
жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында жазуучунун туулган айылында анын эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу 12-декабрда КРнын Маданият, маалымат жана
туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эстеликтин ачылышында Султан
Раев жазуучунун чыгармачылыгын унутпаш керектигин баса белгиледи. “Айтматовдун
китептеринен нечендеген муун тарбия алган. Анын ишмердүүлүгүн жана чыгармачылыгын
унутпашыбыз керек”,- деди министр өз сөзүндө.
Мындан сырткары Талас облусунда жазуучу Ашым
Жакыпбековдун жана СССРдин Эл артисти Капар Медетбековдун эстеликтери ачылды.
Эстеликтер демөөрчүлөрдүн колдоосунда тургузулган.