Грецияда токойдон чыккан өрттөн улам 30 миң адам эвакуацияланды (видео)

Грециянын Родос аралында чыккан өрттөн улам мейманканаларда жайгашкан 30 миңден ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, грек бийлиги 18- июлда чыккан өрттү 5 күндөн бери өчүрө албай жатат. Тилсиз жоо алгач ички тоолуу аймактарда гана катталса, учурда жээк тарапка жылган.

"Родостун Киотари жана Лардос аймактарындагы адамдарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Жээк коопсуздук кызматынын, куралдуу күчтөрдүн жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен 30 миңден ашуун адам эвакуацияланууда"-деп айтылат маалыматта.

Грециянын Mega TV телеканалынын маалыматына караганда, катуу шамал токой өрттөрүн өчүрүүдө олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жатат. Ошондой эле тез жардам кызматынын дарыгерлери дем алуусу начарлаган 60тан ашуун шаар тургундарына жана туристтерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөнү, 6 адамдын ооруканага жаткырылганы маалымдалды.

Белгилей кетсек, 18-июлда Сахарада пайда болгон ысык аба толкунунан улам Түштүк Европа өлкөлөрүндө аба ырайы кескин жогорулаган. Ысык аба толкундары Франциянын түштүк-чыгышындагы жети аймакка да таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылууда.

Грецияда токойдон чыккан өрттөн улам 30 миң адам эвакуацияланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан