Бишкек мэриясы Кытайдан келген 300дөй эски автобусту сатты

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы мекеменин базасына газ менен жүрүүчү жаңы автобустарды алып келүү үчүн кызуу даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ишкананын базасындагы 300 даана эски "Ясин" үлгүсүндөгү автобустар сатылды. Муну менен эски автобустардын 90 пайызы жок кылынып, алардан чыккан таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен биргеликте Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүрүп жатат. Бул аймакты бузуп, өткөрүп берүү менен ишкананын аймагы 1,7 гектар кеңейет.

Автопарк таштандылардан тазалангандан кийин асфальт төшөө, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу жүрүп жатат. Курулуш аянтчасын ушул жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.

Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан