"Эми көк чымчык жок". Илон Маск Twitter'дин логотиби менен аталышын өзгөрттү

Twitter социалдык тармагынын ээси, америкалык миллиардер Илон Маск Twitter социалдык тармагынын атын жана логотибин өзгөрттү.

Көк чымчыктын ордуна Х тамгасы жазылып, Twitter'дин расмий баракчасынын аты менен сүрөтү дагы Х тамгасына өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-июлда Илон Маск Twitter логотибин өзгөрткөнү жатканын социалдык тармактагы баракчасында жазган. Анда: "Жакында биз Twitter бренди жана акырындык менен бардык канаттуулар менен коштошобуз. Эгерде бүгүн кечинде жакшы X логотиби сунушталса, биз аны эртең бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү кылабыз"-деп билдирүү калтырган.

Twitter буга чейин да логотибин өзгөрткөн учур катталган. 4-апрелде аталган социалдык тармактын логотиби Dogecoin криптовалютасындагы иттин сүрөтүнө өзгөргөн. Бирок 7-апрелде Twitter эски логотибин кайра калыбына келтирген болчу.

Эске салсак, Маск Twitter'ди 2022-жылдын октябрында 44 миллиард долларга сатып алган. Миллиардер компанияны сатып алгандан кийин дароо анын жетекчилигин толугу менен алмаштырып, кызматкерлердин дээрлик жарымын жумуштан бошоткон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан