Төө-Ашууда тоннель 26-июлдан тарта күнүгө 10 сааттан жабылып турат (график)

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы тоннель 26-июлдан 6-августка чейин күнүгө 10 саат жабылып турарын билдирди.

Ага ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу машиналар түнкү саат 03:00дөн тартып саат 16:00гө чейин чейин өткөрүлбөйт. Жеңил унаалар үчүн жол саат 06:00дөн 16:00гөчейин жабык болот.

Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткан машиналар болсо Суусамырдан (трассанын 144-чакырымы) токтотулат. Жүк ташуучу унаалар саат 05:00дөн 16:00гө чейин, жеңил унаалар 06:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлбөйт.

"Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу толугу менен асфальтталат. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. Аны 1999-жылы Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан