Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташылып келе баштады

Бишкек шаардык жылуулук борборуна (ЖЭБ) Казакстандын Шубаркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы ташылып келди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Энергетика министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине карата даярдык иши менен таанышты.

"Жылытуу мезгилинде Бишкектин ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө Шубаркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы, жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келди. “Инновациялык Гефест” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү тууралуу келишим түзүлгөн. Ага ылайык, калориясы 5500 ккал/кг кем эмес болушу керек. Көмүрдүн кийинки партиясы, 48 вагон жакынкы күндөрү жеткирилет. 550 миң тонна көмүрдү жеткирүү жадыбал менен март айына чейин созулат. Мындан тышкары Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу тууралуу келишимдер түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан