Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү

Иштеп жаткан жарандардын убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулунун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеген жарандарга убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда же ооруп калганда аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул төлөнөт. Жөлөк пул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт.
Жөлөк пулду алуу үчүн жарандардын убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы болушу керек.
Белгилей кетсек, буга чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул 11-иш күндөн тартып айына 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом) өлчөмүндө төлөнүп келген, ал эми 2023-жылдын 13-апрелинен тартып иштеген жарандарга 10 000 сом өлчөмүндө төлөнөт.
Ошондой эле бийик тоолуу жана барууга кыйын шарттарда иштеген жарандарга жөлөк пулду төлөө эмгек акынын толук өлчөмүндө, башкача айтканда эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан