Ысык-Көлдө эки адамдын өлүмүнө себеп болгон скутердин айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, скутердин айдоочусу, 16 жаштагы Кара-Ой айылынын тургунуна "Байкабастык менен адам өлүмүнө алып келүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот тарабынан анын баш коргоо чарасы аныкталганга чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Эске салсак, 23-июль күнү Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунган. Натыйжада 3 адам оор жаракат алып, экөөсү ооруканада көз жумса, бирөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү айтылган.