Нигердик аскерлер президенттин бийлиги кулатылганын жарыялашты

Бүгүн, 27-июль бейшембиге караган түнү Нигердеги аскерлер улуттук телеканал аркылуу президент Мохамед Базумдун бийликтен кулатылганын жарыялады. Бул тууралуу Associated Press басылмасы жазып чыкты.

Билдирүүсүндө аскерлер өлкөдө коопсуздуктун начарлашынан улам өкмөттүн ишин токтоткондугун жарыялашкан. Алар бардык объектилер убактылуу токтотулганын, коопсуздук күчтөрү кырдаалга көз салып жатканын айтышкан. Ошондой эле аскерлер тышкы өнөктөштөрдү мамлекеттин ички ишине кийлигишпөөгө чакырышты.

Билдирүү Нигердин президенттик гвардиясынын мүчөлөрү президенттик сарайды курчоого алгандан бир күн өткөндөн кийин жасалган. Учурда президенттин кайда экени жана анын кызматтан кеткени боюнча маалымат бериле элек.

Аскерлер чек аралар жана аба майданы жабылганын, кырдаал турукташканга чейин коменданттык саат киргизилгенин маалымдашкан. "Бул коопсуздук кырдаалынын начарлашынын, экономикалык жана социалдык башкаруунун начардыгынын натыйжасы" - деген Аскердик аба күчтөрүнүн полковниги Амаду Абдраман.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-июлда Нигер президентинин социалдык тармактагы баракчасында президенттин күзөт бөлүмүнүн мүчөлөрү "антиреспубликалык демонстрацияга" катышып, башка коопсуздук күчтөрүнүн колдоосуна ээ болууга аракет кылганы жазылган.

Мохамед Базум 2021-жылы бийликке келген Нигердин жетинчи президенти. 1960-жылы Франциядан эгемендүүлүк алгандан бери Нигер төрт жолу төңкөрүш жасаган. Соңку төңкөрүш 2010-жылы болуп, президент Мамаду Танждын бийликтен кулашы менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан