Кыргызстан футбол боюнча 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугу жана 2027-жылдагы Азия биринчилигине ойнотулган жолдомону кайсы мамлекеттер менен талашары белгилүү болду. Тандап алуу оюндары үчүн чүчү кулак кармоо аземи бүгүн, 27-июлда Азия футбол конфедерациясынын Куала-Лумпурдагы штаб-квартирасында болуп өттү.
Анда Кыргызстан Оман жана Малайзия менен бирге "D" тайпасына түштү. Аталган тайпага төртүнчү болуп Тайвань жана Чыгыш Тимор беттешиндеги жеңүүчү өлкө келип кошулат.
Кыргызстан тандап алуу оюндарынын экинчи раундунда күч сынашат. Бул раундда жалпы 36 курама команда 9 тайпага бөлүндү. Коңшу мамлекеттерге карай турган болсок Өзбекстан Түркмөнстан жана Иран менен бирге Е тайпасына түштү. Тажикстан Иордания жана Сауд Арабиясы менен G тайпасына бирикти.
Жалпы беттештердин жыйынтыгында ар бир тайпадан экиден мыкты команда тандап алуу баскычынын 3-раундуна өтөт. Ошондой эле, Азия кубогу үчүн болгон квалификациялык мелдештин финалдык баскычына жолдомо алат. Оюндар ушул жылдын 16-ноябрында башталат.