“Супер-Инфо” гезитинин жыл жыйынтыгын чыгарган Супер концерти 13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында өтөт.
Анда жылдын мыктылары аныкталып жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. Учурда уюштуруучу топ, жылдын мыктысына талапкерлер жана сулуулар кызуу даярдык үстүндө.
“Жылдын супер ырчы айымы” наамына талапкер Айжамал Кабылова концертке катышып жатканына кубанычта экенин билдирди.
“Ким жеңет же жеңилет, анчалык маанилүү эмес. Катышып жатканыма абдан кубанычтамын”,- деди ырчы.
Эске салсак, "Супер-Инфо" гезитинин жылдын мыктыларын аныктаган алгачкы концерти 2006-жылы "Жылдын жылдыздары" деген аталышта коюлган.