Ошто милициянын 70тей кайгуул кызматкери нааразычылык акциясына чыгышты

Кечээ, 28-июль түнү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 70тей кызматкери милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Анда чогулгандар мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго карата нааразычылыгын билдирип жатканын көрүүгө болот. Алар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышты.

"Азаттык медиа" чогулгандар Ички иштер министрлигине жети пункттан турган кат жолдошконун жазды. Анда нааразылыкка чыккандар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатканын белгилеп, Жумагуловдун келишин талап кылышканы айтылат. Эки сааттай турган кызматкерлерге жетекчи келген эмес жана Ош шаардык милициясынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишов кызматкерлерге жолугуп, атайын комиссия ишти териштире тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан