Бүгүн, 29-июлда Бишкектеги "Дордой" базарына бомба коюлганы туурасында кайрадан маалымат түшүп, элди эвакуациялап жатышат.
Свердлов РИИБинен билдиргендей, саат 10:12 чамасында "Дордой" соода борборундагы "Алкан" базарында жарылгыч зат коюлду деген маалымат түшкөн. Учурда соода жайынын тегереги курчоого алынып, жарандар эвакуацияланып жатканы айтылат.
Эске салсак, 21-июлда да “Дордойдун” ичиндеги “Алкан” базарында бомба бар деген маалымат түшүп, бирок ал тастыкталган эмес.