"1,4 миллиард сом зыян келтирген". УКМК Жээнбековдун жубайы жана айрым мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликке тартыларын билдирди

Жеке адамдарга мыйзамсыз ижарага берилген кымбат баалуу жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Атайын кызмат мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарына жана жеке адамдарга карата ири өлчөмдөгү акча каражатын алуу үчүн Бишкек шаарындагы кымбат баада бааланган жана кирешелүү жер тилкелерин ижарага берүүгө шарт түзүп бергендер боюнча кылмыш иштер тергелип жаткандыгын белгилейт.

Бул факт боюнча УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында иш боюнча соттолуучулардын иштеген жана жашаган жерлеринде тинтүүлөрдү камтыган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

"Тергөө иштеринде Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, анын мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигине ишендирип, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти ыйгаруу үчүн 500 миң доллар алгандыгы аныкталды.

Алимбаева Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" мамлекеттик ишканасында болгон байланыштар аркылуу каршы келген катышуучулардын аракеттерине бөгөт коюу функциясын мыйзамсыз пайдалануу менен Бишкек шаарындагы 2 кымбат баалуу жер тилкесин ижарага берүү боюнча тооруктарда "Электрондук соода платформасы" автоматташтырылган тутумунда көрсөтүлгөн жеке бизнес өкүлдөрүнүн жеңишин камсыз кылган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Алимбаева менен бирге "Инфосистема" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кошумчаланды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен экспертизанын корутундусуна ылайык баасы 1 миллиард 464 миллион 383 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы стадиясында, УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан