Чүй облусунун Кара-Балта шаарында батирден 69 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 30-июлда Кара-Балта шаарындагы Оторбаев көчөсүндө жайгашкан батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Эшикти ачууга 3 куткаруучу тартылып, батирден 1954-жылы туулган Л.К. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.