Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди

Кечээ, 30-июлда Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июлда Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Сузак районунун Кызы-Туу айыл аймагындагы Аркыт айылында жана Кара-Суу айыл аймагындагы Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилди.

Ошол эле күнү саат 17:08де Ош облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында жана Көл тилкесинде 3 баллга чейин сезилди.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолордун катталбагандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан