Искусство университетинде жаңы адистик ачылды  

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде (КММИУ) маданий мурастарды коргоо максатында жаңы адистик ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган университет жана Улуттук тарых музейи «Музей иши жана эстеликтерди коргоо» адистигине 5 жылдык, күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алууну жарыялайт.

"Аталган адистикке орто мектепти аяктагандар, ошондой эле республиканын музейлеринде иштегендер жана квалификациясын жогорулатууну каалагандардын бардыгы тапшырса болот", - деп жазылат маалыматта.

Документтерди кабыл алуу 31-июлдан 17-августка чейин КММИУнун окуу корпусунда жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан