Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде жоголуп кеткен кыргызстандыктар боюнча маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кариб деңизиндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү жооп алаары менен кошумча маалымат берилет"- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, казакстандык Жанат Шамиганов Current Time басылмасына берген маегинде кыргызстандык үй-бүлө менен болгон окуя тууралуу айтып берген.
Шамиганов маегинде бир нече адам менен Борбордук Американын 7 өлкөсүн Жунгли аркылуу басып өтүп, АКШга кантип мыйзамсыз келгени тууралуу баяндаган. Шамиганов алардын арасында кыргызстандыктар да болгонун жана Кариб деңизиндеги окуяны айтып берген.
Казакстандык жарандын айтымында, караңгыда Кариб деңизинен өтүп бара жатып, кыргызстандык жарандын колунан баласы сууга түшүп кеткен. Баланын артынан аял, андан кийин күйөөсү да сууга секирген. Ал эми суу кайыгы алардын артынан кайра кайткан эмес.