Жеңиш чокусун багындырууга кеткен альпинисттерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу тик учак менен 4100 метр бийиктиктеги «Түштүк Эңилчек» базасына жайгашышты. Куткаруучулар аталган лагерде климатка ыңгайлашуу үчүн 2 күн болуп, андан соң 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издешет.
"4100 метрден жогорку бийиктикте абанын температурасы -20, -30 градус суук болуп, жол кооптуу жана кыйла татаал", -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин 4 альпинисттин изделип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда 4 альпинисттин үчөөсү Орусиянын жарандары, ал эми төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны экени белгилүү болгон. Альпинисттер Кыргызстандагы “Аксай-Тревэл” туристтик компаниясы менен келишим түзүп, 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартышып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан.
Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат келип түшкөн. Алынган координаттын негизинде “Аксай-Тревэл” компаниясы 24-26-июль күндөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине болсо 27-июль күнү Орусиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинен издөө иштерине көмөктөшүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн.